Окуялар

УКМК: 150 миң сом пара алган Эсеп палатасынын тышкы адиси кармалды

Эсеп палатасынын тышкы адиси тарабынан пара алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Эсеп палатасынын тышкы адиси, финансылык ишмердикке формалдуу түрдө аудит жүргүзүү үчүн Талас мамлекеттик университетинин (ТалМУ) кызмат адамдарынан 150 миң сом өлчөмүндө пара алгандыгы аныкталды.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 2022-жылдын 3-сентябрында Эсептөө палатасынын тышкы адиси «К.Э.Т.» кармалып, Талас облусунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан жогорудагы фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button