Окуялар

Сөөгү чирип баштаган. Сокулукта эркек кишинин жансыз денеси табылып, жакындары изделүүдө

Чүй облустук милициясы Сокулук айылында жансыз денеси табылган эркек кишинин жакындарын издейт.

Маалыматка караганда, 2-сентябрда Сокулук айылындагы Фрунзе көчөсүндө 35-40 жаш чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Анын денеси чирип баштаган. Аты-жөнү тактала элек.

Белгилери: бою 190 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы сары жана кыска. Шорта, кара спорттук бут кийим, мойнунда чынжырчасы болгон.

Кимде-ким жаранды тааныса, (0312) 45-33-80, 0708 89-00-23 номурларына кайрылса болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button