Бөрүкулов: Эки жүздүүлүктүн символу деп, дал ушул Бекназаровду көрсөтүш керек
Фейсбук колдонуучусу Шамурза Бөрүкулов экс-элчи Азимбек Бекназаровдун белгилүү массалык маалымат каражатына берген маегинен улам ага карата пикирин жазды.
Текстти өзгөртүүсүз беребиз:
“Бекназаровдун “Назар Ньюска” берген маегин көрүп, угуп олтуруп, 30 жылдан бери эмне үчүн жарыбай келгенибизге көзүм жетти.
Өзү айтып жаткан ПКАСС- профессиональный кошоматчы, алдамчы, саясий сойку-дал өзү экенин билсечи, жарыктык киши.
Угуп олтурсаң, Бекназаров “Кум Төр” боюнча, чек ара тууралуу, уурдалган алтындар жөнүндө баарын билет экен.
Бул да Мадумаров окшоп: «мен айткам, мен билгем» деген сөздү тынбай кайталап жатты. Силер билсеңер, айткан болсоңор эмне үчүн оңолбодук, эмне үчүн “Кум Төр” канадалык менен жегич президенттердин жеке үлүшүнө айланып калды, эмне үчүн 275метр өтө чоң мааниге ээ болгон жерди тажиктерге берип койдуңар, эмне үчүн Атамбаев беш колун оозуна салып уурдап жатканда унчукпай олтурдуңар- деп суроо берген адам жок.
Бекназаровду угуп олтуруп, өзү айтмакчы: сөөгү агарып кеткенче жалган сүйлөгөн учуна чыккан жалганчы адам экенине көзүм жетти.
Өзүнүн орду каер экенин билип, пысып олтура турган кишинин бүгүнкү бийликке каршы акыл үйрөткөнгө акысы барбы?
Отуз жылдан бери өздөрү билген аталаны каалагандай чалып, элди алдап келишкен ПКАССтар бүгүн сөз айтканга укуктуубу?
УӨттүн ар бир шакалынын орду түрмө экени эсинен чыгып, кылган кылмыштарын эл унутуп калгандай «артист» болуп жатканы жанды кашайтат.
Бекназаровдун сүйлөгөн сөздөрүнөн бир гана маселеде ага толук кошуласың:
Орус-украин согушунда биздин өлкө нейтральный абалды карманганы таптакыр туура болбой калды. Кыргызстандын тышкы саясаты нөл абалга капталып калганын, андайдын азабын мигранттар тартып жатканын эч ким тана албайт.
Кызматтан бошогондун азасы аябай эле чоң болот окшойт, кечээ эле Атамбаевди сындап жүргөн саясатчы Бекназаров, бүгүн жалгыз баатыр Атамбаев деп калыптыр.
Менимче Атамбаевдин арам акчасынан бул да жакшы эле алган окшойт?
Ташиевдин Эл Баатыры болгону 30 жылдан бери саясатта жол таппай көрөңдөнүп күнүн өткөргөн Бекназаровго жакпай калса керек? Бул деген кара ниеттик, калың кыргыз элинин каалоосун баалабагандык болуп эсептелет.
Азыркы бийлик алтынды кандайча иштетиши менен бул эки жүздүү оңбогур саясатчынын эмне иши бар?
Эң башкысы- биз ишенебиз.
Эки жүздүүлүктүн символу деп, дал ушул Бекназаровду көрсөтүш керек.
Жетимишке жакындап калганда: жалганды чындай, чынды кудай ургандай көрсөтүп апыртып жатканы, саясий сойкулуктун жеткен чеги болуп эсептелет.
Бекназаров башканы коюп, 2010 жылы 7-апрелде кармаган он чакты снайпелерди эмне кылышканын айтып берсин.
Ушул адамды деп кайран жигиттерибиз өлүп кетишкен, аттиң.
Борукулов Шамурза. 2022ж.»




