Коом
Бишкекте жалбырак, чөп өрттөгөндөргө 23 миң сомго чейин айып салына баштады

Бишкек мэриясынын маалымат кызматы шаарда жалбырак өрттөгөндөргө айып пул салына баштаганын билдирди.
Буга чейин муниципалитет шаар тургундарын түшкөн жалбырактарды өрттөбөөгө чакырган.
Мэрия мындай мыйзам бузгандарга Бузуулар жөнүндө кодекстин 115-беренесине ылайык 7 500 сомдон 23 000 сомго чейин административдик айып каралганын белгиледи.
«Текшерүүнүн жүрүшүндө жалбырактарды өрттөгөндүгү үчүн Чүй облустук ооруканасына айып пул салынды. Ошондой эле Огонбаев көчөсүнүн №72 дарегинде жалбырактарды өрттөө фактысы аныкталып, мыйзам бузган адам 7 500 сом айыпка жыгылды», — деп айтылат маалыматта.
Муниципалитет инспекциянын ишине байланышкан суроолор боюнча 0312 597526 номерине чалууну өтүндү.



