Коом
Кыргызстандын аскерлери КМШ XVII чемпионатында байгелүү орунду ээлешти

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн курама командасы Минск шаарында өткөн КМШ өлкөлөрүнүн достук армияларынын арасында аскердик беш түр боюнча XVII чемпионатта байгелүү орунга ээ болушту. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, курама команда үстүбүздөгү жылдын 22–26-июнь күндөрү өткөн мелдешке КМШ өлкөлөрүнүн эң күчтүү аскер спортчулары катышкан.
Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы ок атуу жана граната ыргытуу боюнча командалык эсепте үчүнчү орунду ээледи.
Бул жыйынтык Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана эл аралык ири мелдештерде өлкө намысын татыктуу коргой аларын дагы бир жолу далилдеди.



