Коом

Мамлекетке 1 млрд. сомдой зыян келген. Кумтөр боюнча үч кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын ишин текшерип, жыйынтыгында үч кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Кумтөргө киргизилген тышкы башкаруу учурунда жетекчилик коррупцияга жол берген.

Алдын ала эсептөө боюнча, кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынан мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген. Буга байланыштуу көзөмөл органы үч кылмыш ишин козгогону кошумчаланды.

Эске салсак, «Кумтөр голд компани» компаниясында финансылык мыйзам бузуулар аныкталып, буга чейин жетектеп келген Теңиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан четтетилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button