Саясат

ЖК комитети президенттик шайлоону дайындоо тууралуу токтомдун долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитети Кыргызстанда президенттик шайлоону дайындоо тууралуу токтомдун долбоорун жактырды. Эми документ парламенттин кароосуна чыгарылат.

Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтүшү керек.

Буга чейин Садыр Жапаров шайлоого катышып, президенттик кызматка экинчи мөөнөткө талапкер болуу ниети бар экенин билдирген.

Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев президент шайлоого катышкан учурда ыйгарым укуктарын убактылуу токтотпошу керектигин белгиледи. Анын айтымында, мыйзамдарда шайлоо өнөктүгү маалында мамлекет башчысынын кызматын убактылуу өткөрүп берүү каралган эмес.

Тектеш кабарлар

Back to top button