Пайдалуу кеңештер

Организмге эң пайдалуу балыктын түрү айтылды

Балык организмди оңой сиңүүчү белок, витаминдер жана микроэлементтер менен камсыздайт. Ал эми айрым түрлөрүндө организм үчүн баалуу омега-3 май кислоталары көп болот. Бул тууралуу гастроэнтеролог Екатерина Кашух айтып берди.

Дарыгердин белгилешинче, эң пайдалуу деп бир гана балык түрүн аташ мүмкүн эмес, анткени ар биринин курамы ар башка. Бирок пайдалуу заттардын курамы боюнча алдыңкы орундардын биринде лосось турат. Анын курамында омега-3 май кислоталарынын EPA жана DHA түрлөрү, ошондой эле белок, D жана B12 витаминдери, селен көп. Мындан тышкары, лосось сымапты салыштырмалуу аз топтойт.

«Омега-3 май кислоталары жүрөк-кан тамыр жана нерв системаларынын иштешине катышат. Өзгөчө мааниге ээ болгон EPA жана DHA май кислоталарын адам негизинен майлуу деңиз балыктарынан алат. Алардын жакшы булагы — лосось, сельдь, сардина жана скумбрия», — деди Кашух.

Ошол эле учурда дарыгер азыктык баалуулугу боюнча сельдь жана сардиналар лосось менен тең тайлаша аларын белгиледи. Алардын курамында да белок жана омега-3 көп.

Сардинаны адатта жумшарган сөөктөрү менен кошо жешет. Ошондуктан ал организм үчүн кальцийдин да булагы болуп саналат. Кашух рационго атлантикалык скумбрияны да кошууну пайдалуу деп атады.

Тектеш кабарлар

Back to top button