Окуялар

Чек арадагы чырдан жабыркагандардын саны 55ке жетти. Каза болгондор бар

Тажик тараптын кол салуусунан Баткенде жабыркагандардын саны 55ке жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Билдирмеге караганда, алардын ичинен үчөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

«Ооруканага кайрылгандардын арасында жети аял, беш бала бар», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, чек арадагы чырдан 15 жаштагы кыз көз жумган. Министрлик өлүм учурлары мындан көп экенин айтып, маалымат такталып жатканын кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button