Коом

Боом капчыгайында жол убактылуу жабылат

Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасы маалымдады.

Маалыматка ылайык, жол Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 130-чакырымында, тактап айтканда Боом капчыгайында кооптуу таштарды кулатуу иштери жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу убактылуу жабылат.

Аталган иштер бүгүн, 20-апрелден баштап 30-апрелге чейин күн сайын саат 09:00дөн 16:00гө чейин маал-маалы менен жүргүзүлөт.

«Бул убакыт аралыгында унаа жолу убактылуу жабылып, унаалар бир тилке менен өткөрүлөт. Ар 15–20 мүнөт сайын таш кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат”, — деп айтылат маалыматта.

Иш-чаралар “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын жол тейлөө филиалы тарабынан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жол коопсуздугун камсыздоо жана таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында уюштурулууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button