
Бишкекке Баткен облусунан келген 430 жаран мейманканаларга жайгаштырылды.
Алар White hotel, Shirin Botanik, «Тумар» жана «Достук», «Виа Бишкек», «Лагуна» мейманканалары, медициналык академиянын жана «Ала-Тоо» университетинин жатаканалары кабыл алышты.
Келген баткендиктерге камкор атуулдар борбордун акимиаттары менен биргеликте тамак уюштуруп жатышат. Алардын бардыгына биринчи кезекте эң керектүү жардам көрсөтүлдү.
Абдыкадыров белгилегендей, 14-сентябрынан 20-сентябрына чейинки аралыкта Медициналык жардам кызматынын клиникалык ооруканасына 12 адам түшкөн, дагы 7 бала Эне менен баланы коргоо улуттук борборуна жаткырылды. Баткен облусунан каза болгондордун сөөгүн жакындарына жеткирүү үчүн 50 жүк куту даярдалып, анын 9у өткөрүлүп берилди.



