Саясат

БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында президент Садыр Жапаров дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлеринин ичинен биринчилерден болуп сүйлөйт.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн БУУнун Нью-Йорк шаарындагы (АКШ) штаб-квартирасына келди.

Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы менен өзүнчө эки тараптуу жолугушат. Ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.

Мамлекет башчысынын сөзүнүн башталышы Бишкек убактысы боюнча болжол менен саат 20:30да күтүлүүдө.

Түз эфир УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактардагы баракчаларда жеткиликтүү болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button