Коом

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан улам талкаланган Лейлек районундагы 2 мектеп оңдолду

2022-жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан улам талкаланган Лейлек районунун Максат жана Арка айылдарындагы орто мектептери толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул туралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Аталган орто мектептерде 23-январынан тарта кадимки шартта окуу башталды. Максат айылындагы орто мектептин оңдоо иштерине 3 миллион 279 миң 760 сом, Хамза атындагы орто мектепти ондоого 1 миллион 576 миң 82 сом жумшалган. Оңдоп-түзөө иштери 2022-жылдын 12-декабрында башталган. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button