Саясат
Казакстан мобилизациядан качып келгендер Россияга кайтарылбай турганын билдирди

Казакстан мобилизациядан качып келген жарандарга издөө жарыяланбаса, аларды Россияга кайтарбайт. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн ички иштер министри Марат Ахметжанов массалык маалымат булактарына билдирген.
Анын айтымында, эки мамлекеттин ортосунда кылмышкерлерди жана шектүүлөрдү өткөрүп берүү тууралуу келишим бар, бирок мобилизацияга чакыруу албай туруп Россиядан чыгып кеткендерди кайтарууга укуктук негиз жок.
«Эгер биздин өлкөдө жүргөн жарандарына расмий издөө жарыяланса, алар кылмыш иштеринин фигуранты катары өткөрүп берилет», — деди министр.
Ошондой эле ведомство Россияда 21-сентябрь күнү жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан бери Казакстанга 98 миң россиялык келгенин кошумчалаган



