
Бишкек шаарындагы №76 орто мектептин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.
Жапаров белгилегендей, республика боюнча авариялык абалда турган 245 мектептин экөө борбордо жайгашкан.
«Быйыл мугалимдердин айлыгы эки эсеге, ал эми бийик тоолуу райондордогу мугалимдердин айлыгы үч эсеге көбөйтүлдү. Биз мындан ары да сиздердин ишиңиздерге ыңгайлуу шарттарды түзүп беребиз. Кечээ салтанаттуу түрдө №75 мектеп-лицейин ачкан болсок, бүгүн имараты 90 жыл мурун курулган №76 мектепке кезек келди. Бул окуучулар жана мугалимдер үчүн гана эмес, биз үчүн да чоң кубаныч. Алдыга умтулуп, керектүү билим алгыла, учурда жаңы чакырыктар орун алууда. Ар бириңердин билимге болгон умтулууңардан жана өжөрлүгүңөрдөн жалпы өлкөнүн келечеги көз каранды», — деди Акылбек Жапаров.
№76 орто мектептин ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев да катышты.



