Коом

«Арашан» породасындагы койлорду өнүктүрүүгө арналган эл аралык фестиваль өттү

19-сентябрда эт-май багытындагы «Арашан» породасындагы койлорду өнүктүрүүгө арналган эл аралык фестиваль өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Иш-чараны «Арашан» кой өстүрүүчүлөр ассоциациясы уюштурду. Фестивалга Өзбекстан, Орусия, Тажикстан жана Казакстандан келген фермерлер, ата мекендик малчылар, ошондой эле айыл чарба тармагынын өкүлдөрү катышты.

Фестивалга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу да катышып, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик колдоо чаралары тууралуу айтып берди.

Ал «Арашан» породасындагы койлорду экспорттоо, аларга асыл тукум мал статусун алуу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду. Ошондой эле фермерлерге жылдык 3 пайыздык үстөк менен жеңилдетилген насыялар берилерин белгиледи.

Илич Марсбек уулу «Арашан» породасындагы койлордун санын көбөйтүү, алардын сапаттык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу жана эл аралык рынокторго чыгуу мал чарбасын өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи.

Ал фестивалдын катышуучуларына ийгилик каалап, мындай эл аралык иш-чаралар тажрыйба алмашууга, кызматташтыкты кеңейтүүгө жана «Арашан» породасындагы койлорду эл аралык рынокто таанытууга өбөлгө түзөрүн айтты.

Тектеш кабарлар

Back to top button