Кыргызстандын футболчулары Япониядан 0:7 эсебинде утулду

20-сентябрда Японияда өтүп жаткан Азия оюндарында футбол боюнча мелдештин экинчи турунун алкагында «А» тайпасында эки оюн өттү.
Кыргызстандын курамасы чүчүкулак боюнча «А» тайпасына түшүп, турнирдин ээси Япония, Таиланд жана Гонконгдун командалары менен бир тайпада ойноодо.
Японияга каршы беттеште эсепти 28-мүнөттө Юмэки Ёкояма ачты. 36-мүнөттө Сюто Нагано экинчи голду киргизсе, үч мүнөттөн кийин Япониянын капитаны Юто Одзэки эсепти 3:0гө жеткирди.
Экинчи таймда япондор дагы төрт гол киргизишти. 70-мүнөттө Етаро Накадзима пенальтини ийгиликтүү аткарды. 72-мүнөттө Хисацугу Исии жана Юдай Симамото айырмаланып, оюн 7:0 эсеби менен аяктады.
Буга чейин Кыргызстандын курамасы Таиланддан 2:3 эсебинде утулган.
Экинчи турдан кийин Япония менен Таиланддын командалары чейрек финалга жолдомо алышты.
Кыргызстан 23-сентябрда тайпадагы үчүнчү оюнун Гонконгго каршы өткөрөт.



