Саясат
Балыкчы шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Бакыт Шаршеев Балыкчы шаарынын мэри кызматынан бошотулду, — деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.
«Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 71-беренесинин, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри Шаршеев Бакыт Октябрович берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду», — деп айтылат билдирүүдө.


