Саясат

Жасалма интеллект — дүйнөлүк тарыхтын жаңы локомотиви

Бул туурасында президент Садыр Жапаров Астанада өтүп жаткан Евразия экономикалык форумундагы «ЕАЭБ глобалдык санариптик жарышта: жасалма интеллектиге басым жасоо» темасында сүйлөп жатып айтты.

Ал өлкөлөр аталган локомотивди башкарган кабинада болобу же перрондо туруп калары уюм кабыл алган чечимдерге жараша болорун айтты.

Мамлекет башчы тышкы инфраструктурага, алгоритмдерге жана коргоо системаларына көз каранды болуп калуу чабалдыкка алып келерин баса белгиледи.

Ушул себептүү Кыргызстан жасалма интеллект чөйрөсүндө дал улуттук чечимдерди иштеп чыгууга артыкчылык берип, көңүл буруларын айтты.

«Биргелешкен моделдерди иштеп чыгууда, жалпы кубаттуу эсептегичтерди жана дата-борборлорду түзүүдө күч-аракетибизди бириктирсек, глобалдык санарипте жөн гана колдонгондордон эмес, анын толук укуктуу түзүүчүсү боло алабыз», — деди ал Астанада жасалма интеллектиге арналып өткөн Евразия экономикалык форумунда.

Тектеш кабарлар

Back to top button