Коом

Кара-Балтада эки кичинекей кыз атасы тарабынан зордукталганбы? Милиция маалымат берди

Кечээ, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева ага аял кайрылып, кызы атасы тарабынан зордукталганын, ал 2017-жылдан бери акыйкаттык издеп жүргөнүн айткан.

Окуя боюнча  Чүй ОИИБден окуя тууралуу маалымат беришти.

2020-жылдын 4-декабрында Жайыл РИИБге 1986-жылы туулган аял кайрылып, 1981-жылы туулган мурдагы күйөөсүнө чара көрүүнү суранган. Анда Кара-Балта шаарындагы үйдө жаран мас абалында 2010 жана 2014-жылы туулган кыздарынын жыныстык мүчөсүн кармаганын айтылган. Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Жашы жете электерге карата аракеттердин фактысын тастыктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза жана соттук психолог-психиатриялык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында, кыздардын экспертизасы таза чыккан. Тергөөнүн жүрүшүндө, аялдын 2017-жылы эле арыз жазганы маалым болгон. Анда да күйөөсүнүн кыздардын жыныстык мүчөсүн кармалаганы айтылган. Анда да экспертиза дайындалып, таза чыккан. Ошол үчүн кылмыш иши козголгон эмес. 1-сентябрда Башкы прокуратурасы тарабынан токтотулган токтом жокко чыгарылып, андан ары териштирүү үчүн Жайыл РИИБдин тергөө бөлүмүнө жиберилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button