Нурдан Орунтаев: Жаңы курулуп жаткан үйлөрдө унаа токтотуучу жайдан маселе болбойт

Жаңы курулуп жаткан үйлөрдө жана объектилерде унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздиги боюнча маселе болбойт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетика комплекси, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди.
Ал депутаттардын үйлөрдүн жана башка объектилердин жанындагы унаа токтотуучу жайлардын көйгөйү тууралуу суроосуна жооп берди.
Министр буга чейин турак жайларды долбоорлоодо унаа токтотуучу жайларга жетиштүү орун каралбай келгенин мойнуна алды.
«Ошондуктан бүгүнкү күндө унаа токтотуучу жайларга байланыштуу көйгөйлөр бар. Бирок акыркы бир жылда эсептөө коэффициенттерин өзгөрттүк. Буга чейин коэффициент 0,7 болсо, азыр Бишкек жана Ош шаарларында 1,1 түзөт. Башкача айтканда, эми жаңы турак жайларды жана объектилерди долбоорлоодо унаа токтотуучу жайларга жетиштүү орун каралат», — деди ал.
Бишкек шаарында унааларды туура эмес токтотууга каршы рейддер байма-бай өткөрүлүп келет. «Шаардык жол-транспорт инфраструктурасы» муниципалдык ишканасы жол кыймылына тоскоолдук жараткан, токтотуу жана унаа коюу эрежелерин бузган автоунааларды эвакуациялоону жүргүзүүдө.



