
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда, иш сапары менен Россия Федерациясына жөнөп кетти.
Иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы Москва шаарында Евразия экономикалык биримдигинин юбилейлик саммитине жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгын белгилөө боюнча салтанаттуу иш-чараларга катышат.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:
-Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;
-Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
-Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
-Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси Гульнара-Клара Самат;
-Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;
-Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев.



