Маданият

Болот Тентимышов «Айтматов» тасмасында улуу жазуучунун образын жаратты

Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Тентимышов улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ролун аткарды. Долбоордун чыгармачыл тобу башкы каармандын ролун ким аткарары тууралуу маалыматты расмий жарыялады. Буга чейин актердун ысымы жашыруун сакталып келген.

«Айтматов» аттуу масштабдуу биографиялык драма 2026-жылдын 15-октябрынан тарта Кыргызстандын кинотеатрларында көрсөтүлөт.

Болот Тентимышов — театр жана кино тармагындагы белгилүү актер. Белгилей кетсек, 2026-жылдын сентябрь айында ага «Кыргыз Республикасынын эл артисти» деген жогорку ардактуу наам ыйгарылган.

Актер буга чейин да Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдерде роль жараткан. Ал «Кызыл алма» жана «Саманчынын жолу» чыгармалары боюнча сахналаштырылган спектаклдерге катышкан. Ал эми жаңы тасмада актердун алдында улуу жазуучунун өзүнүн образын экранда ишенимдүү чагылдыруу милдети турган.

Тасманын негизги сюжетинде Чыңгыз Айтматовдун чет өлкөдөгү жеке эркиндик менен туулган жерине болгон берилгендиктин ортосундагы татаал тандоосу баяндалат. Атасынын трагедиялуу тагдырын жана үй-бүлөсүнүн тарыхын кайрадан аңдап, жазуучу маанилүү жыйынтыкка келет: өткөнүн унуткан адам өзүн да биротоло жоготот.

«Айтматов» тасмасы 2026-жылдын 15-октябрынан тарта Кыргызстандын бардык кинотеатрларында көрсөтүлөт.

Режиссеру: Каныбек Калматов
Продюсери: Тимурлан Ташиев
Узактыгы: 1 саат 45 мүнөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button