КоомОкуялар

Баңги кылмышына шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери баңги кылмышын жасоого шектелип, көптөн бери издөөдө жүргөн жаранды кармашты.
2020-жылдын ноябрь айында Баткен районунун аймагында жаран “М” 2 кг “гашиш” баңгизатын “жасалма сатуучуга” саткан. Бирок, баңгизат саткан жаранды кармап, тергөөгө жеткирүү мүмкүн болгон эмес. Шектүүнүн өздүгү такталып, ал Баткен облусунун тургуну 1979-жылы туулган К.А. болуп чыккан. Биринчи май райондук сотунун токтому менен жаран К.А. издөө жарыяланган.
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында издөөдө жүргөн жаран К.А. Бишкек шаарынын аймагынан кармалды.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде, кармалган жаранга карата Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алуу бөгөт чарасы тандалды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button