Коом

Ошто жаш түгөйлөр үлпөт тоюна 50 жетим баланы чакырып, белек берди

Мансурбек Арибжанов менен Надиракан Кахраманжан кызынын үлпөт тоюна 50 жетим бала чакырылды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагына караштуу Ташлак айылынын тургундары Мансурбек Арибжанов менен Надиракан Кахраманжан кызы баш кошуп, үлпөт тойго 50 дөн ашуун жетим бала ардактуу конок болду.

Кеченин жүрүшүндө балдарга оюн-зоок уюштурулуп, сый-тамактар тартылып, белектер берилди. Үлпөткө Ташлак айылынын “Имам ата” мечитинин имам-хатиби Юсуфхан Ахматалиев катышты. “Той-аштарда негизинен багар-көрөрү жоктор унутулуп, көмүскөдө калып кетет эмеспи. Шакиртибиз Мансурбек өз тоюна жетимдерди чакырып, сыйлоону туура көрүптүр. Анын кылган ишин колдоп-кубаттайбыз жана бул демилге көптөгөн жаштарга үлгү болот деген үмүттөбүз”, – деди Юсуфхан Акматалиев.

Эске салсак, ак тойго жетим балдарды чакырып, көңүлдөрүн көтөрүүнү той ээси Мансурбек демилгелеген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button