ОкуяларСаясат

Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын президенттеринин жолугушуусу аяктады

Бүгүн Кыргызстандын, Россиянын, Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров,  Владимир Путин жана Эмомали Рахмон жолукту. 

Жолугушуудагы урунттуу учурлар: 

▪️Жапаров  Владимир Путинге бул жолугушууну өткөрүү жана Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселелеринде көмөк көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди;

▪️Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалга кеңири токтолду; 

▪️Кыргыз тарап талаштуу маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча өзгөрүүсүз позицияны карманаарын баса белгиледи;

▪️Тажик тараптын куралдуу кол салуусунун кесепеттери тууралуу эске салды;

▪️Жапаров  Кыргызстан кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгын эки тарапка тең пайдалуу болгудай кылып тез арада калыптандырууга ынтызар экенин белгиледи.

@Spu

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button