КоомОкуялар

Окуучу хайп үчүн Бишкектеги мектептердин биринде теракт жасоону убадалаган

Милиция кызматкерлери тарабынан хайп үчүн Бишкектеги №49 мектепке массалык теракт жасоону убадалаган кайрылуусун социалдык тармакка жарыялаган борбордогу мектептердин биринин 7-классынын окуучусу аныкталды.

Өспүрүм бычагы, Макаров маркасындагы тапанчасы жана 34 даана түтүк бомбасы бар экенин айткан. “Мен баарын бирден өлтүрөм”, — деп жазган окуучу.

Аталган факт Бишкек шаардык Биринчи май райондук милициясына каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.

“Окуучу бул кылыгын жаңы катталуучуларды тартуу жана хайп жасоо үчүн жасаганын билдирген”, — деп айтылат милициянын маалыматында.

Азыркы учурда тергөөгө чейинки текшерүү уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button