Саясат

Исмаил Исаков: “Өзүбүзгө өзүбүз каршы чыгып жатабыз” — ВИДЕО

Бүгүн Кемпир-Абад боюнча  Элдик курултайда генерал Исмаил Исаков чек ара маселеси тууралуу калыс пикирин билдирди:

-Эгерде биз ушундай мамиле кылсак, анда биз өзүбүздү жоготобуз. Азыр Ош облусунун жетекчиси келсе, ышкырып сөздү укпай койдуңар. Жаратылыш эмнеси менен кооз? Дарагы, уулуу чобу, гүлдүү чөбү, пайдалуу чөбү менен кооз. Анан жетекчилердин сөзүн чыдап угуп койгонго жарабасак, кантип маселе чечилет? Туура эмес да бул! Кандай ачуу болсо да, жакпаса да, өзүбүздү өзүбүз сыйлаганыбыз туура эмес! Анда шайлабай койгула да! Шайлоого келгенде башка, бул жерге келгенде башка. Бул болбойт. Аксакал катары өзүмдүн оюму айтып атам. Экинчиден, кайда жүрдүңөр эле деп бизге Таш ыргыткан жигиттин өзүнө айтайын дедим эле. Аким айтсын, каякта жүрдүңөр, эмнеге чечпейсиңер деп. Биз өз учурунда чечип жүргөнбүз. Биз эмне депутат, министр, премьер-министр же президентпизби чече турган?! Биз силердей эле катардагы адамбыз. Оюбузду гана анализдеп айта алабыз. Урматтуу эки тарап, мына ушинтип түптүз жерден өзүбүзгө каршы кылган, анын кесепетин баарыбыз тартабыз. Өзгөчө эл тартат. Революция болуп анын кесепетин кыйналган, тонолгон, качкан, мигрант болгон эл көрөт, — деди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button