Коом

Кыяс Молдокасымов, тарыхчы: “Чек ара такташуунун өзү да зор бакыт!”

Белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов азыркы тапта талашка түшкөн чек ара маселеси боюнча айтты.

— Унуткан жоксуңарбы ушул күндү!? 1924-ж. 14-октябрда Кара-Кыргыз Автоном. облусу түзүлгөн. Андан союздук, 1991-жылы эгемен Кыргыз Республикасы жаралган. Эки жылдан соң 100 жыл болот.

Эгерде 20-кылымдын биринчи чейрегинде Абдыкерим Сыдыков, Эшеналы Арабаев, Жусуп Абдрахманов баштаган мамлекетчил, мекенчил саясый элита күрөшүп отуруп ушул күндөгү мамлекетибиз түптөлбөгөндө азыр азганактай депутаттарыбыз Астанада Сенатта, дагы бир бөлүгү Ташкентте Олий Мажилисте депутат болуп отурмак. Балким саналуу гана депутаттар Душанбеде отурмак. Кыргыз деген мамлекет 20-21 кылымда картада болмок эмес! Чек ара такташабыз деп да баш оорутпай отурмакпыз! Чек ара такташуунун өзү да зор бакыт! Ал мамлекеттин жашап жатканынын жандуу далили!

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button