УКМК: КР тарых жана маданият эстелиги болуп саналган Бишкектеги эки кабаттуу имарат ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын борборундагы Раззаков көчөсүндө жайгашкан аянты 772,6 чарчы метр, 2900 чарчы метр жер тилкеси бар социалдык багыттагы эки кабаттуу имарат мурда мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган фактысы аныкталды.

Алсак, 1995-жылы ошол кездеги ченемдерди жана нормаларды бузуу менен Кыргыз Республикасынын тарых жана маданият эстелиги болуп саналган бул социалдык мүлктү юридикалык жак 10 миң 759 сомго мыйзамсыз менчиктештиргендиги аныкталган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган мүлктүн ээси бул мүлккө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнүп, коммерциялык максатта пайдаланып жаткан эки кабаттуу имаратты мамлекеттин менчигине өткөрүп берүүнү өз ыктыяры менен билдирген.
Белгилей кетсек, учурда бул эки кабаттуу имарат Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп, ал социалдык максаттарга пайдаланылат.
Учурда тергөө иштери уланууда.



