Коом
Бишкектеги соодагерлер ВИЧ, сифилис жана гепатит (В,С) ооруларына акысыз текшерүүдөн өтсө болот

Мындай акция 1-ноябрга чейин борбор калаадагы базарларда саат 9:00дөн 15:00гө чейин өтөт.
График төмөнкүдөй:
7-октябрь — “Таатан” соода борбору
9-11-октябрь — “Дордой Дыйкан”, “Дордой Моторс” базарлары
14-16-октябрь — “Аламүдүн”, “Табылга” базарлары
24-26-октябрь — “Ортосай” соода борбору



