Ысык-Көлдө 100дөн ашык мыйзамсыз синтетикалык балык торун алып келе жаткан жаранды кармалды — ФОТО

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлерине жергиликтүү тургундардын бири облустун аймагына ири өлчөмдөгү синтетикалык балык торлорун мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылып жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Маалыматта көрсөтүлгөн жарандын өздүгүн аныктоо боюнча милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп, аны аныктоого үлгүрүштү. Ал Орто-Токой айылынын 55 жаштагы тургуну К. А. болуп чыкты.
Жакында Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан аталган жаран өзүнүн «Хонда-Одиссей» үлгүсүндөгү автоунаасы менен Балыкчы шаарына кире беришинде токтотулган. Текшерүү учурунда автоунаадан 113 даана балык уулоочу тор табылып алынган. Ар бир тордун узундугу 100 метрди, бийиктиги болсо 5 метрди түздү.

Аталган факт Балыкчы шаарынын ИИБдин маалыматтар электрондук журналында катталып, чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 268 – беренесине ылайык (Балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүү, өндүрүү, даярдоо жана сатуу) жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.



