Коом
Кыргызстанда көмүрдүн баасына мамлекеттик көзөмөл киргизилди

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Бул көмүрдүн кымбатташын ооздуктоо, суукта калкты кара алтын менен өз убагында камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Көмүрдүн баасына көзөмөл 90 күн жүргүзүлүп, эң жогорку баасы коюлат. Көмүр саткандар коюлган баадан кымбат сата алышпайт.
@user2



