Кыргызстанда жоогазындын жаңы түрү аныкталып, коргоого алынды

Изилдөөчүлөрдүн Кыргызстанга болгон экспедиция учурунда жоогазындын жаңы жана адаттан тыш түрү табылды. Кембридж университетинин лабораториясында ДНК-анализи анын такыр башка экенин көрсөткөн. Бул тууралуу Би-Би-Си жазды.
Tulipa toktogulica деп аталган жоогазындын жаңы түрү университеттин ботаникалык бакчасынын, фауна жана флора окумуштуулары жана жергиликтүү топтор тарабынан Токтогул районундагы тоолордон табылган. Кембридждин аспиранты, ботаник Бретт Уилсонэкспедициядагы ачылыш абдан кызыктуу болгонун айтты. Ал сырткы желекчелеринде кызыл тамыры бар ачык сары гүлү бар жапайы жоогазындын башка түрлөргө окшош экенин да билдирген.
Tulipa toktogulica коргоо статусун алды жана эми аны Ботаникалык бакчадагы үрөндөрдөн көбөйтүү аракети көрүлөт, бул бир нече жылга созулушу мүмкүн.



