Коом

«Манас» эл аралык аэропортунда боз үйдүн стилинде жасалган мечит курулат

«Манас» эл аралык аэропортунда жакында кыргыз элинин улуттук турак жайы — боз үйдүн стилинде жасалган мечиттин курулушу башталат. Бул маалыматты «Кыргызстандын эл аралык аэропорттору» ААКсы билдирди.

Аэропорттун маалыматына караганда, мечит Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы менен биргеликте, кайрымдуулук иретинде чогулган каражаттын эсебинен курулат. Курулуш иштерин 2027-жылы баштоо пландалууда.

Мечиттин долбоору буга чейин даярдалган. Жакын арада долбоор коомчулукка кеңири тааныштырылат. Ошондой эле курулушка каражат чогултуу үчүн QR-кодду таратуу пландалууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button