Коом

Касымалиев: Бүгүн Кыргызстанда 17 мектеп жана үч бала бакча ачылды

Бүгүн өлкө боюнча 17 мектеп жана үч бала бакча бир учурда ачылды. Бул тууралуу салтанатка катышып жаткан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

«Мектептер Бишкек, Манас, Ош шаарларында жана Ноокен, Тоң, Алай, Айтматов райондорунда жайгашкан. Басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 10 мектеп Бишкек шаарында», — деди өкмөт башчы.

Ошондой эле ал учурда билим берүү мекемелерин куруу темпи күчөп, «совет мезгили учурунан дагы ашып бара жатканын» кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Back to top button