Коом

Милиция кызматкерлери Кызыл-Кыя шаарындагы Таштемир-Ажы базарында элдер менен жолугушту

2022-жылдын 15-ноябрь күнү Кызыл-Кыя ШИИБдин милиция кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсүндө жайгашкан Таштемир-Ажы базарын кыдырып, элдер менен жолугушту. Милиция кызматкерлери бул жолугушуу кылмыштуулукту алдын алуу жана болтурбоо максатында өтүп жатканын билдиришти. Эл менен жолугушууда батир уурулуктарына, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга жол бербөө, коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичпөө, тамеки тартпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жарандар тарабынан берилген арыз-кайрылууларды жеринде чечкенге аракеттер көрүлдү. Андан сырткары, Асаналиев көчөсүндө жол тыгынын жөнгө салуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 188-беренесинин (Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу) негизинде 9 протокол толтурулду. Бул жолугушууда милиция кызматкерлерине жалпысынан 7 атуул кайрылып, аларга юридикалык жардамдар көрсөтүлдү.
Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button