Коом

Кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагына нейтралдуу макам берүү пландалууда

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин Кемпир Абад маселесин талкуулап жаткан жыйында билдирди. Анын айтымында, тажик тарап 12 жыл мурун ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин төрагасы Адахан Мадумаров тарабынан кол коюлган протоколду бетке кармап келет.

«Сиз бул протокол мыйзамсыз экенин айтып келесиз. Бирок тиги тарап аны документ катары бетке кармап жатат. Астанада өткөн үч тараптуу жолугушууда (Кыргызстан, Тажикстан жана Россия жетекчилери) дагы көрсөтүштү, «мына, кол койгонсуңар, аткарбай жатасыңар» дешти. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Душанбе менен эки ирет сүйлөштү, бул жерге нейтралдуу макам берсек деген ниетибиз бар. Мындай талаштуу жагдайда бул аймак биздики эмес, бирок силерге да таандык боло албайт деп ишендирдик«, — деди ал.

@user2

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button