Коом

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына жаңы башкы директор дайындалды

Орозбаев Марат Тологонович «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Жаңы дайындалган жетекчини эмгек жамаатына энергетика министринин орун басарлары Таалайбек Толубаев жана Мирлан Жакыпов тааныштырды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button