Коом
Түп районунун борборунда жаңы милициянын аймактык пункту ачылды

18-ноябрда Түп районунун Түп айылында жаңы милициянын аймактык пункту ачылды. Салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов катышты.
Заманбап милициянын аймактык пунктунун курулушу Түп айыл өкмөтүнүн эсебинен 1,5 миллион сомго бүткөрүлүп, ишке берилди.
Учурдун талабына толук жооп берген милициянын аймактык пункту Түп айылынын борборунда орун алып, район тургундарын жана меймандарын кабыл алуу, коомдук коопсуздукту сактоо жана жарандарга өз мезгилинде жардам көрсөтүү үчүн толук ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.






