Коом

Бишкекте турак жай толугу менен күйүп кетти

29-октябрда Бишкектин Свердлов районунда турак жай толугу менен күйүп кетти, деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Министрликтин маалыматы боюнча, өрт 200 чарчы метр аянтты каптаган. Өрттүн себеби иликтенүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы 24 сааттын ичинде Кыргызстан боюнча 16 өрт чыккан. Бишкекте эки өрт кырсыгы катталды, Чүй жана Жалал-Абад облустарында үчтөн, Ош, Нарын жана Ысык-Көл облустарында бирден өрт чыккан.

Өрттү өчүрүү үчүн жалпысынан 17 өрт өчүрүүчү бригада тартылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button