Коом

Фархад Исмаилов: «Өмүрбек Бакиров бир суроону 5 жолу бергенде «болду эми» дедим

Жогорку Кеңештин депутаты Фархад Исмаилов «Алдаба» Ютуб каналына маек берип жатып, парламентте УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев үчүн депутат Өмүрбек Бакиров менен мушташа кете жаздаган окуя боюнча комментарий берди.

«Кемпир-Абад маселеси тарыхый маселе. Оор маселе чечилип жатканда, Өмүрбек Бакиров чыгып, президентти көзгө илбей бир эле суроону 5 жолу бергенде «болду эми» дегенимде чыгып кетти. Мени ал «кошомат кылгандар» деп айтыптыр. Кошоматчылык андай болбойт. Шариятта да айтылат да «президентти сыйлаш керек» деп. Бул жерде көбү «кошоматчы, пахтакор» дегендер көп болуп кетти. Мен бийликтин жасаган саясатын колдойм. Мен бирге колдогондо дайым даярмын»,— деди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button