Коом
Башкы прокурорлукка Максат Асаналиев келүүсү мүмкүн экендиги айтылууда

Анын талапкерлигин Садыр Жапаров көрсөтүп, макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке киргизгенин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Азыр Асаналиев Ош облусунун прокурору болуп иштеп жатат.
Эске салсак, кечээ социалдык тармакка президент Асаналиевдин талапкерлигин көрсөткөнү боюнча маалымат тарап кеткен. Ички документтин ачыкка чыгып кеткендиги боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатканы айтылды.



