
Залкар талант менен коштошуу зыйнаты бүгүн, опера жана балет театрында өттү. Тажияга маркумдун үй-бүлөсү, жакындары, Жогорку Кеңештин депутаттары жана коомдук ишмерлер катышты. Андан соң Базаровдун сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.
Кыргыз киносунун корифейи Геннадий Базаров 6-февраль күнү таңга маал 81 жашында дүйнө салган. Режиссёрдун буга чейин ооруп жүргөнү айтылды.




