Окуялар

УКМК: Эл аралык баңги тобунун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Кыргыз Республикасынын УКМК 2022-жылдын 23-ноябрында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында эл аралык баңгизат тобунун мүчөлөрү Өзбекстан Республикасынын жараны Х.Ш.Ш. жана Кыргыз Республикасынын жараны П.О.А. кармалды.

Атап айтканда, Өзбекстан Республикасынын аймагына Кыргыз Республикасынын жараны, Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Арал айылынын жашоочусу П.О.А. аркылуу баңги затын ташууга аракет кылган, жалпы салмагы 2 кг 300 гр болгон «чарс» баңги затын алып жаткан жеринен, Жалал-Абад шаарынын Ленин-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Токтогул» атындагы парктын жанынан Анжиян облусунун тургуну 1988-жылы туулган «Х.Ш.Ш.» кармалды. 

Жүзүлгѳн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында аталган П.О.А.  Жалал-Абад шаарындагы автобекеттин жанынан кармалып, КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыктын тергөө бөлүмүнө алынып келинген.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, кармалгандар КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди.

Учурда бул баңги каналынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button