Бишкек ТЭЦи миллиард сом насыя алат

Калаа башчысы Бишкек шаардык кеңешине «Бишкек жылуулук электр борбору» ишканасы кредиттик карыздар боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен 1 млрд сом кредит алууга макулдук берүүнү суранып кайрылган.
Айбек Жунушалиев берген маалыматта тарифтер социалдык багытта болгондуктан, калкка берилген жылуулук өздүк наркын жаппай турганы айтылган. Энергия өндүрүү үчүн көмөкчү жабдуулар алдын ала оңдолуп, отун жана башка ресурстар сатып алынары, бул айда өндүрүлгөн энергиянын акчасы (киреше) бир айдан кийин түшөрү да белгиленген.
Күрөөгө «Бишкек жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасынын мүлкү коюлган.
Кредитти ишкана жылуулук жана электр энергиясы боюнча товардык продукцияны сатып, чыгымдарды өздүк наркка кошуп төлөөнү пландаштырууда.
@abal-kg



