Коом

Электр тармактарынын жетекчилерине жарыкты үзгүлтүккө учуратпоо талабы коюлду

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун башкы директору Алтынбек Рысбеков бардык электр тармактар ишканаларынын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык,жыйында 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилдеринен ийгиликтүү өтүү үчүн электр тармактардагы даярдыктар боюнча маселелер талкууланды.

Алтынбек Рысбеков өз сөзүндө калкка электр энергиясы үзгүлтүксүз берилиши керектигин баса белгиледи. Ишкана техникалык жактан бардык кырдаалга даяр болуп, атайын ыкчам бригадалык топтор түзүлүшүн катуу көзөмөлгө алуусун эскертти.

Ошондой эле башкы директор электр тармактарынын жетекчилерине өлкө боюнча жарык үзгүлтүккө учурабашы керек деген талабын койду.

Жыйынтыгында облусттук электр тармактардын жетекчилери аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат беришти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button