Чынара Капарова: Элдик Курултайды чакыруу менен президент бийлик ээси ЭЛ экендигин айкын далилдеп берди

Бишкек шаарынан делегат болуп шайланып келген журналист Чынара Капарова болуп өткөн Курултай тууралуу жеке пикирин билдирип, президентке сунушун айтты.
Курултай – жалпы журт менен кеңешүүчү, ой пикир алышуучу, бир бүтүмгө келе турган, эл тагдырын чечкен, алдыга жол көрсөткөн жыйын. Эзелтен элибиз маанилүү маселени кеңешүү жолу менен чечүү үчүн курултай чакырып келген. Биринчи Элдик Курултайды чакыруу менен президент бийлик ээси ЭЛ экендигин айкын далилдеп берди. Эл өзү күбө болду. Ачуу, акыйкат сындар айтылды. Ондогон жылдар чечилбей жаткан көйгөйлөрүн айтып, карапайым эл бугун чыгарды. Эми элдин талаптары жапырт чечилип кетпейт, бирок ар бирине көңүл буруп, акырындык менен аракеттенүү керек. Ошондой болгондо гана элдин бийлик өкүлдөрүнө ишеними арта баштайт
Шаар курулушу – кызмат адамдарын, мэрлер менен депутаттарды, архитекторлор менен куруучуларды байыткан бизнес долбоорго айланып кетти деп коңгуроо какты. Анын айтымында, жерлер мыйзамсыз сатылып, шаар көркүн гана бузбастан, анын экологиялык тазалыгы, тоо тараптан келүүчү шамалдын агымы бузулуп, натыйжада таза аба кирбей, кышында ыш, жайында үп болуп, эл ооруп, азап жашоо уланууда. Бүгүнкү ыш-түтүн, жол тыгын, ирригациялык тармактардын бузулушу, дегеле шаардыктарды убайга салган баардык маселелердин башатында дал ушул башаламан курулуш турат”, — деди Ч.Капарова.
Бишкектеги курулуштарды көзөмөлдөөнү президентке ишенүүдөн башка айлабыз калбады деген Чынара Капарова президентке “Урматтуу Садыр Нуркожоевич, башаламан курулуштар шаардын төрт районун бирдей каптады. Жеке көзөмөлүңүзгө алып, Бишкек шаарынын Башкы планы иштелип чыга турган 2025-жылга чейин мыйзамсыз делип, элди нааразы кылып жаткан курулуш иштерин токтотуп берүүңүздү суранабыз. “Кумтөргө” тагдырынызды арнагандай, эми ордо калаанын жаңы, жаркыраган жүзүн үчүн жаратмандык кыласыз деп ишенебиз” деп кайрылды.
Эске салсак, 25-26-ноябрда Бишкекте Биринчи Элдик Курултай өтүп, ага аймактардан шайланып келген делегаттар катышып, президентке көйгөйлөрдү айтып, сунуштарды беришти.



