
Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
«Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдын 47-беренесине ылайык, Бакытбек Жеңишбекович Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп дайындалды», — деп айтылат билдирүүдө.



