Коом

Кеминде 65 үй-бүлө социалдык контракттын негизинде бизнес-долбоорлорду ишке ашырат

Бүгүн, 24-июлда Кемин районунда «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алган 65 үй-бүлөгө 100 миң сомдон сертификат тапшырылды. Эми алар өз бизнесин ачып же колдоп, туруктуу киреше таба алышат.

Программанын алкагында 2 жылда райондо 63 бизнес долбоор ишке ашырылган. Алардын ичинен: айыл чарба тармагында – 53, өндүрүш тармагында – 7,кызмат көрсөтүү тармагында — 3 долбоор ишке ашкан.

Белгилей кетсек, социалдык контракттын негизинде социалдык жардам программанын мазмунуна жараша үч жылга дайындалат жана төмөнкү максаттарды көздөйт:

— үй-бүлөлөргө турмуштук оор кырдаалдан чыгуу боюнча активдүү аракеттерге түрткү берүү;

— социалдык коргоо системасынан жетиштүү көз карандысыздыкка ээ болуу жана коомдун жашоосуна толук катышуу максатында үй-бүлөлөрдү жашоо деңгээлин жогорулатууга шыктандыруу;

— үй-бүлөлөрдүн эркин эмгек жана мүлктүк потенциалын коомдук пайдалуу ишке тартуу;

— үй-бүлөлөрдүн социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу жана алардын жүрүм-турумунун багуудагы жүйөсүн азайтуу;

— чакан ишкерликти өнүктүрүүгө көмөктөшүү;

— жаңы жумуш орундарын түзүүгө дем берүү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button